• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жаңы маршруттук каттам ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жаңы №113 маршруттук каттам ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчиси Айгерим Абдыкаарова билдирди.

Аталган маршруттук каттам Жеңиш кичи шаарчасынан Спутник кичи шаарчасына барат. Каттамда 4 кичи автобус 30 мүнөт аралык менен жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 14 маршруттук каттам бар. Күн сайын 150дөй кичи автобустар жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий