• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаары Ирандын Мешхед калаасы менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 09.10.22./Кабар/. Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Иран Ислам Республикасынын Хорасан-Резави провинциясынын губернаторунун экономикалык маселелер боюнча орун басары Аболфазл Чаманди жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, курулуш, айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, медицина тармагында эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашты.

Жыйынтыгында Ош жана Иран Ислам Республикасынын экинчи ири жана калкы көп шаары, Хорасан-Резави провинциясынын административдик борбору болгон Мешхед шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий