• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Жалал-Абадда 100дөн ашык аялга майрамдык маанай тартууланды

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абадда 8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саамалыкка облус аймактарынан келген жалпы 100 аял катышты. Алардын арасында билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарында, мамлекеттик кызматта эмгектенген кызматкерлер, коомдук активисттер, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин апалары жана көп балалуу "Баатыр энелер" бар.

Иш-чарада президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, белектерин тапшырды.

"Аялдар күнүн майрамдоо жаз күнүн, аялзатына таандык сулуулукту, назиктикти, руханий даанышмандыкты, аялзатынын макамына жана жаш курагына карабастан көңүл бөлүүнү майрамдоо катары белгиленип келет. Азыркы учурда Кыргызстан айымдары өлкө келечеги болгон жаш муундун мыкты тарбиячысы, үй-бүлөнүн куттуу очогу эле эмес, коомдук-саясий турмушта да активдүү. Ар дайым бакыттын туу чокусунда болуп, жүзүңүздөрдөн бүгүнкүдөй жылмаюу кетпесин!", – деди Абсаттар Сыргабаев.

Салтанаттын жүрүшүндө Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын чыгармачыл жамааты майрамдык концерт тартууланды.

Жалал-Абад облусунда жалпы 1 млн 311 миңден ашуун калк болсо, анын 50 пайызга жакынын аялдар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий