• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Жапаров «Президенттин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда «КР президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жарлыкта төмөндөгүдөй айтылат:

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана 2020-жылдын 4-октябрында өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын массалык түрдө одоно бузуулардын натыйжасында келип чыккан 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрүндө өлкөдө болгон элдик толкундоолорго байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы алардын натыйжаларын жараксыз деп тааныды. Элдин талабы боюнча ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөтү түзүлдү. 2020-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбеков арызынын жана аны жалпы элге жарыялоонун негизинде кызматтан кетти. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткара албагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине өттү.

Жогоруда аталган жагдайларды эске алып жана өлкөдө коомдук-саясий абалды тезирээк турукташтыруу, жарандардын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо, мамлекеттик жана коомдук институттардын талаптагыдай иштешин камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын аракеттеги Премьер-министри катары Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткарууга киришип жатып, токтом кылам:

Укук коргоо органдарын, сотторду, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошо алганда, мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери карамагындагы органдардын штаттык режимде иштешин камсыз кылсын;

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:

— аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тикелей милдеттерин талаптагыдай аткаруусуна прокурордук көзөмөлдү күчөтсүн, зарылдыгына жараша күнөөлүү болгондорду белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартсын;

— жасалган иштери жөнүндө жума сайын баяндама берип турсун.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:

— өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан иштерди активдештирсин;

— Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын катышуусу менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөн учурларга катуу тыюу салынсын;

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын катышуусу менен менчик укуктардын криминалга мыйзамсыз өтүүсүн жана (же) жеке жактар менен уюмдарга таандык капиталды мыйзамсыз башкарууну кошо алганда, өлкөдө криминалитет менен күрөшүү жана кылмыштуу топтордун ишине тыюу салуу боюнча иштерди күчөтсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте коммерциялык банктардын туруктуу иштешин жана каражаттарды которууну ишке ашырууну камсыздасын, өлкөдөн капиталдарды мыйзамсыз чыгарууларга бөгөт койсун.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

— мүлктү мыйзамсыз алып коюуга (рейдерлик басып алууга) жол бербестен, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен жеке капиталды жана менчикти коргоо боюнча чараларды ыкчам тартипте көрсүн;

— чакан жана орто бизнести коргоо жана өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун үстүндө иштөөнү активдештирсин;

— өлкөдө дүйнөлүк чакырыктарды шайкеш кабыл алууга жана чечүүгө, ошондой эле кризистик кырдаалдардын пайда болуу тобокелдиктерин алдын алууга багытталган экономиканын түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизсин;

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттыкты сактоо жаатында адистешкен коомдук уюмдардын катышуусунда коронавирус оорусун калк арасында жайылтпоо боюнча иштерди күчөтсүн; өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрсүн, коронавирусту жугузуп алган бейтаптарды аныктоочу жана аларды дарылоочу медициналык мекемелерди каржылоону үзгүлтүккө учуратпастан аталган максаттарга бюджеттен жетиштүү каражаттарды бөлүп берсин».

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий