• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун дарегине Бишкек шаарынын кээ бир райондук сотторуна, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен, Талант Мамытов судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Президенттин милдетин аткаруучу 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө Жарлыктарды чыгарып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Бишкек шаары:

Октябрь райондук сотуна:

Жарматова Айдай Жарматовна;

Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич;

Свердлов райондук сотуна:

Абыкеев Талайбек Капарович;

Байдаева Лейла Алиевна;

Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич;

Ленин райондук сотуна:

Өмүралиев Мелис Асанбекович;

Тентимишов Марлен Бактыгулович.

— Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл облустук сотуна:

​Мырзаканова Бермет Низамидиновна.

— Нарын облусу:

Нарын облустук сотуна:

Алыбаев Замир Эрнисбекович.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий