• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жеткен бейбаштык – “Ала-Тоо” аянтчасындагы дубалдарга жазып, сүйүүсүн билдирген “ЛЕО”

Коом 0

Бишкек, 30.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Ала-Тоо” аянтчасында жайгашкан Илбирс имаратынын дубалдарына белгисиз адам сүйүүсүн билдирип, жазып кеткен.

Instagram социалдык түйүнүндөгү “OMKS video” баракчасында видео пайда болуп, анда бейбаштын жасаган ишинин натыйжасын көрүүгө болот.

Роликте көрүнүп тургандай, бир дубалда “Мека.Я. тебя л.... ЛЕО” деп жазылып, кийинки дубалдарда “ЛЕО” деген жазуу калтырылган.

Социалдык түйүндүн колдонуучулары өз нааразычылыктарын билдиришип, “Романтиктер, сүйөм деп өзүңөрдүн маңдайыңарга жазып алгыла, шаарга тийишпегиле”,-деп жазган социалдык түйүндүн колдонуучусу.

“Сен сүйүп калсаң, шаардын көркүндө эмне күнөө?”,-деп өз ою менен бөлүшкөн кийинки колдонуучу.

Пикир

Оставить комментарий