• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Журналист Чынара Токонова 37 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-ноябрда журналист Чынара Токонова 37 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чынара Токонова кечээ, 3-ноябрда экинчи жолу инсульт болуп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жаткырылган.

Журналист КТРК, НТС, 5-канал жана «Санжыра» радиосунда иштеген. Кесиптештеринин айтуусунда, учурда «Булан» институтунда иштеп жаткан.

«Кабар» маалымат агенттиги маркумдун жакын туугандарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий