• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Депутат өлкөнүн аэропортторунда жүргүнчүлөргө болгон мамилеге нааразы болду

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөнүн аэропортторунда жүргүнчүлөргө болгон мамилеге нааразы болду.

Анын айтымында, аба ырайына байланыштуу каттамдар 5-6 саатка же андан да көп убакытка кармалууда.

"Эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү эшикке чыга албайт, ал эми дьюти-фриде пирожкилердин баасы 200 сомго чейин көтөрүлдү дешүүдө. Каттамдары кармалган жүргүнчүлөргө тамак берилбейт, сууну араң сурап ичип жатышат. Балдар жана кары-картаңдар күтүү залында үшүп отурат. Аэропорттун жетекчилигине тапшырма берүүнү сунуштайм, күтүү залдарындагы жылуулук маселесин чечип, жок дегенде форс-мажордук жагдайларда жарандарга тамак уюштурушсун”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий