• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Сууктан улам Нарын шаарында окуу процесси бир саатка жылдырылды

Аймак 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдагы эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиясынын чечимине ылайык, Нарын шаарындагы мектептерде окууну баштоо эртең мененки саат 09:00гө жылдырылды.

Нарын шаардык мэриясынан билдиришкендей, мындай чечим учурдагы ызгардуу суукка байланыштуу кабыл алынды. Буга чейин окуу процесси таңкы саат 08:00дө башталчу.

"Нарын шаарында отурум өтүп, анда орто мектептердин жылуулугун нормага ылайык кармоо жана жылуулукту күн сайын көзөмөлгө алуу тийиштүү мекеме башчыларына тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев "Нарын Жол Транс" жоопкерчилиги чектелген коомунунун бригадири Сталбек Ибраевди кабыл алып, таң эрте окуучулардын мектепке баруусу кыйын болуп жатканын белгилеп, Нарын шаарында маршуруттук таксилердин эртең менен эрте чыгуусун жана көзөмөлдөөну сүйлөшүп, 20га чукул маршуруттук такси уюштуруп берүүнү макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий