• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жуманалы Накетаев Чаткал районунун акими болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Канжарбек Эшалиев башка ишке которулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошотулду. Ал эми анын ордуна Жуманалы Накетаев Чаткал районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Пикир

Оставить комментарий