• 87.7
  • 94.85
  • 0.98

Кыргызстанда кризистик борборлорго жардамдын көлөмү 7 млн сомго көбөйтүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда зордук-зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлорго жардамдын көлөмү 7 миллион сомго чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева "Аракет кылуу мезгили: зомбулукту токтотуу үчүн маалыматтарга негизделген өзгөртүүлөр" конференциясында билдирди.

Ал Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, республикада 10 ай ичинде 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталса, анын ичинен 95%дан ашыгы аялдарга карата зомбулук экенин белгиледи. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу зордук-зомбулуктун өсүшү 23,7%ды түздү.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы чара көрүү механизмдеринин бири Эмгек министрлиги тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик социалдык заказ болуп саналат. Министрлик мамлекеттик заказдар аркылуу зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризистик борборлордун ишин колдоого алып, бүгүнкү күндө республика боюнча мындай борборлордун саны 18ге жетип, 2019-жылдан тартып кризистик борборлорго республикалык бюджеттен көрсөтүлүүчү жардамдын суммасы 5,4 млн.сомдон 7 млн сомго чейин өстү", - деди министрдин орун басары.

Иш-чара Эмгек министрлиги тарабынан USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоору менен биргеликте гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында уюштурулду.

Ага каршы күрөшүү чараларын талкуулоого КР министрлер кабинетинин жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, АКШнын Кыргызстандагы элчиси, эксперттер, кризистик борборлордун жетекчилери, юристтер жана адвокаттар, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий