• 88.68
  • 95
  • 0.95

1 айда бюджетке 36,3 млн сом суюлтулган көмүрсуутек газына акциз салыгы түштү

Экономика 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын август айында суюлтулган көмүрсуутек газына 36,3 млн сом акциз салыгы жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 – 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат.

Пикир

Оставить комментарий