• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы 50%га көтөрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. 1-августтан тарта мамлекеттик кызматкерлердин маянасы орточо эсеп менен 50%га көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, пенсиянын да көлөмү 50 пайызга көбөйтүлөт (пенсиянын базалык бөлүгү).

«1-августтан тарта 58 миңге жакын мамлекеттик айлыгы көтөрүлөт», - деп кошумчалады ал.

Министр милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлбөй тургандыгын айтты. "Анткени алардын айлыгы былтыр көтөрүлгөн. Быйыл Ички иштер министрлигинин жарандык кызматкерлеринин айлык акысы жогорулайт», - деди Бакетаев.

Пикир

Оставить комментарий