• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. 26-февралда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

26-февралда күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн.

27-февралда жана 28-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

28-февралда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

29-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорундабир аз кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

1-мартта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 29-февралда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий