• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-15-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 11нен 15-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 11-январда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

11-январда күндүз жана 12-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

13-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

14-январда жана 15-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий