• 88.68
  • 95
  • 0.95

11 айда Кыргызстанда ИДП жети пайызга өстү

Экономика 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча Кыргызстанда ички дүң продукт 781 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 7,0 пайызга көп.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында 726 млрд сомдон ашты жана 4,8 пайызга көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий