• 88.68
  • 95
  • 0.95

11-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-мартта эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +7…+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл облусунда + 8…+13, Нарын облусунда +4…+9 градус болот.

Бишкекте +13…+15 абанын температурасы градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий