• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Мектепте тамактануунун эл аралык күнү белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Кыргызстандын мектептери Мектепте тамактануунун эл аралык күнүн белгилешти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда тамактануу маданиятын өзгөртүүгө багытталган агартуу өнөктүгү мектеп жашындагы балдарга жана алардын ата-энелерине арналат. Бул өнөктүктү Билим берүү жана илим министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Тармактык тамактануу институту менен биргеликте уюштурган. Ал 10-марттан 22-мартка чейин онлайн форматта да, оффлайн форматта да өткөрүлөт.

Социалдык желелердеги Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын расмий баракчаларында оюн форматында өткөрүлө турган онлайн-өнөктүккө өлкөнүн мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери кошулса болот. Онлайн-оюнга катышып, бардык тапшырмаларды аткарган активдүү катышуучулар белек алышат. Онлайн-оюн пайдалуу тамактарды даярдоо принциптери, суу ичүү режими, шекер жана зыяндуу майларды колдонууну чектөө сыяктуу туура тамактануу менен байланышкан олуттуу маселелерди козгойт. Өнөктүктүн максаты – ата-энелердин жана балдардын сергек жашоо тууралуу маалымдуулугун арттыруу жана аларды үй-бүлөсү менен бул принциптерди карманууга үндөө. Онлайн-өнөктүк өлкө боюнча 500 миңден ашуун баланы жана алардын ата-энелерин камтыйт.

Ошондой эле өнөктүктүн алкагында өлкөнүн 35 мектебинде башталгыч класстын окуучулары үчүн туура тамактануу тууралуу театрлаштырылган оюн-зооктор коюлат. Жогорку класстын окуучулары театрлаштырылган оюн-зоокторго катышып, башталгыч класстын окуучуларына үлгү көрсөтүп жана туура тамактануу тууралуу маанилүү маалыматты оюн формасында таратышат жана жаш балдарга үлгү болуп, туура тамактануу боюнча маанилүү маалыматтарды жеңил жол менен жайылтышат.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен Мектепте тамактанууну оптималдаштыруу программасы өлкөдөгү 800дөн ашуун мектептеги 220 миңдей башталгыч класстын окуучуларын ысык жана аш болумдуу тамак менен камсыз кылат. Жыл сайын Дүйнөлүк азык-түлүк программасы мектептерге азык-түлүк жеткирет, мектептердин ашканаларын калыбына келтирүүдө техникалык жана консультациялык жардам көрсөтөт, ашканалар үчүн жабдууларды сатып берет жана Тармактык тамактануу институту менен биргеликте мектеп ашпозчуларын мектеп тамак-ашын коопсуз даярдоо боюнча окутууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий