• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-сентябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Эртең, 5-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ал эми 6-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

7-сентябрда болсо түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-сентябрда күндүз жаан- чачын күтүлбөйт.

8-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

9 сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-11-сентябрь күндөрү туруксуз аба-ырайы сакталып турат: 10-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

11 сентябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий