• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРнын Жашыл өсүш глобалдык институтуна кошулуусуна багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорун КР Экономика министри Санжар Муканбетов алып чыкты. Анын айтымында, Жашыл өсүүнүн глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө Макулдашууга кошулуу менен Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө чоң салым кошулмакчы. Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун максаттары мамлекет жана жеке секторлордун ортосунда жана өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди орнотуу аркылуу өткөөл жана өнүккөн экономика бар өлкөлөрдүн экономикалык, экологиялык жана социалдык шарттарын түзүү жана жакшыртуу, ошондой эле экономикалык өсүүнүн жаңы үлгүлөрүн колдоо жана жайылтуу болуп саналат.

Талкууда эл өкүлдөрү аталган Макулдашууга кошулуу менен Кыргызстанда эмне мүмкүнчүлүктөр ачыла тургандыгын, өлкөнүн экологиясын, жашыл экономикасын өнүктүрүүгө кандай шарттар түзүлөөрүн такташты. Анда бул Макулдашууга кошулууда өлкө мүчөлүк төлөм төлөбөстүгү айтылды. Депутаттар өлкөнүн кызыкчылыктары козголушу үчүн Глобалдык жашыл өсүш институту, дегеле, ушул өӊдүү эл аралык институттарга Кыргызстандын жарандарынын болушуна жетишүү керектигин баса белгилешти.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий