• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

13-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 13-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, эртең түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Чүйдө түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6, Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз +1...+6.

Ош, Жалал-Абадда жана Баткен облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…+5. Нарында түнкүсүн -20...-27, күндүз -11...-16.

Эртең Бишкек менен Ошто жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий