• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Карылар, балдар жана майыптар үчүн интернаттар кыш мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Карылар, балдар жана майыптар үчүн интернаттар кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Чүй облусунун Искра айылында жайгашкан Токмоктогу эркектер үчүн психоневрологиялык интернатына барганда билдирди.

Эмгек министри жылытуу мезгилине даярдык көрүү жай мезгилинен бери жүргүзүлүп келгенин белгиледи.

"Июль айынан баштап жылытуу мезгилине даярдык Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүндө болду. Биздин министрлик тарабынан бардык тиешелүү тендерлер өткөрүлүп, отун керектүү өлчөмдө сатылып алынды.

Биз кары-картаңдар, балдар жана майыптыгы бар чоңдор үчүн 8 жатак үйдү көмүр менен жылытабыз. Ошондой эле, 2 медициналык-социалдык эксперттик комиссия жана 21 аймактык башкармалыктары да отун менен жетиштүү камсыздалган. Жалпысынан 1 953,2 тонна көмүр жеткирүүгө келишим түзүлгөн. Буга чейин 1 375,3 тонна жеткирилди", - деди министр.

Анын айтымында, күн сууктагандан тарта министрликтин жетекчилиги социалдык мекемелерди жылуулук менен камсыздоо маселесин көзөмөлгө алып, жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөлөөт Базарбаев Ак-Суудагы аялдар үчүн психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, кышка даярдыкты текшерди. Жыйынтыгында аталган мекеменин жетекчилигине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий