• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чүйдөгү «Главная» көмөкчордонуна жаңы трансформатор орнотулууда

Коом 0


Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Чүйдөгү 220-110-10 кВ жогорку вольттогу «Главная» көмөкчордонуна жаңы трансформатор орнотулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, орнотулуп жаткан АТ-1 трансформаторунун кубаттуулугу 200 МВА жана салмагы 200 миң тоннаны түзөт.

Буга чейин «Главная» көмөкчордонунда 125 МВА автотрансформаторду АТ-2 200 МВАга алмаштыруу иштери аяктаган.

«Автотрансформаторлор алмаштырылгандан кийин көмөкчордондун жалпы кубаттуулугу 150 МВАга өсүп, 400 МВАны түзөт. Подстанциянын кубаттуулугун жогорулатуу Бишкектин түндүк тарабындагы, ошондой эле Чүй облусунун айрым айылдарынын керектөөчүлөрүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жогорку вольттогу 220/110/10 кВ «Главная» көмөкчордону Аламүдүн районунун Ленинское айылында жайгашкан.

Аталган көмөкчордон Бишкектин түндүк бөлүгүндө жашаган керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1968-жылы ишке киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий