• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бал көргөзмө-жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Бишкекте "Бал - ден соолук булагы" аттуу бал көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарменке 29-сентябрдан 8- октябрга чейин уланмакчы.

Жарманкеде 7 дубандан келген нукура, табигый кыргыз балынын түрлөрү коюлат. Иш-чара Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 дарегинде өткөрүлөт.

Иш-чараны уюштуруучулар: Айыл чарба министрлиги, Органикалык айыл чарба департаменти, "Кетмен - Төбө өрөөнүнүн бал аарычылар биримдиги"- коомдук бирикмеси, Кыргыз Органик, Бал аарычылар палатасы, ТМ "Золотая Долина", "Алатай тоо балы"- Алатай мамлекеттик жаратылыш паркы.

Пикир

Оставить комментарий