• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ду Дэвэнь: КЭР менен КР эки өлкөнүн улуттук адабиятынын классикалык чыгармаларын которуп, басмадан чыгарып турат

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь “Кабар” агенттигинде маек берип жатып, тараптар жакынкы жылдары эки өлкөнүн 50дөн кем эмес классикалык чыгармаларын биргеликте которуп, басмадан чыгарып турарын билдирди.

Анын айтымында, “Кытайдын мамлекеттик маалымат жана басма сөз башкармалыгы менен Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосундагы классикалык улуттук адабияттын олуттуу чыгармаларын биргеликте которуу жана басып чыгуу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө меморандумуна” ылайык, тараптар жакынкы жылдар аралыгында эки өлкөнүн 50дөн кем эмес чыгармаларын биргеликте которуп, басмадан чыгарып турат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 3-6-февраль аралыгында иш сапары менен Кытайга барып келген. Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана башка чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий