• 88.68
  • 95
  • 0.95

15-марттан тарта Бишкектин Исанов көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болот

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. 15-марттан тарта Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү бир тараптуу болот.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, Исанов көчөсүнүн аталган бөлүгү менен түштүк багытында гана жүрүүгө болот.

Мындай чечим жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча штабдын жыйынында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Исанов - Токтогул - Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлгөн иликтөө Исанов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан унаалардын агымы Москва көчөсүнөн бурулуп бара жаткан унаалардын эркин жүрүүсүнө тоскоол болуп, унаа тыгынын жаратканын көрсөткөн. Айдоочулар түндүк багытында Тоголок Молдо көчөсү менен жүрө алат.

Пикир

Оставить комментарий