• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Баткен жоокерлерин эскерүү күнүнө арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Д.Асанов атындагы сейил багында Баткен жоокерлеринин эстелигине гүл коюу аземи болуп, митинг-реквием өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, митингдин катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт тыныгуу жана үч жолу мылтык атуу менен эскеришти.

"Жыл сайын Октябрь району Баткен окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүп келет. Быйылкы жылы райондук бюджеттен материалдык жардам көрсөтүү үчүн администрация тарабынан 178 миң сом бөлүнгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда 85 адам турат, Баткен окуясынын 84 катышуучусуна 2 миң сомдон, каза болгон 1 жоокердин үй-бүлөсүнө 10 миң сом берилди.

Иш-чарада Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Майрамбек Адылбеков катышып, өз сөзүндө Баткен окуясынын катышуучуларынын эрдигин жана баатырдыгын белгилеп, бардыгына ден соолук жана бакубатчылык каалап кетти.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салып, коогалаңда 53 киши курман болгон. Кыргызстанда курман болгон баатырлардын эрдигин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурастарды сактоо, жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо, ошондой эле аскердик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу максатында 26-октябрь - 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында курман болгон жоокерлерди Эскерүү күнү деп белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий