• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мыйзам бузган той кортежине 74 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкекте мыйзам бузган той кортежинин унааларынын айдоочуларына 74 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Мындан бир нече күн мурда жарандар кайгуул кызматынын соцтармактагы баракчасына жол эрежесин одоно бузган той кортежинин унаалары боюнча видео жөнөтүп, аларга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, жол эрежелерин бузган той кортежинин алты унаасын тапкан. Алардын жасалма номер, атайын үн коштоочу каражаттар менен жүргөндүгү, автоээнбаштык жасагандыгы жана айнегин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн 74 миң сом айып салды.

Унаалардын баары айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий