• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Крестинин Корея менен оюн тууралуу: Биз келечекке оптимизм менен карайбыз

Спорт 0

Бишкек, 12.01.19 /Кабар/. Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстан Түштүк Корея командасына 0:1 эсеби менен утулуп калды.

Оюн бүткөндөн кийин Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин аракет кылдык, бирок упай ала алган жокпуз деди.

"Күчүн аябай ойногон жигиттерибизге ыраазычылык айткым келет. Колунан келгенин баарын жасады. Тилекке каршы упай ала алган жокпуз. Биз келечекке оптимизм менен карайбыз. Ушул эле маанайда ойносок үч упай менен көздөгөнүбүзгө жете алабыз", – деди Крестинин.

Эске салсак, оюндун 41-мүнөтүндө бурчтан көтөрүү орун алды. Кореялыктардын бурчтан көтөрүүсү эсепти 1:0 айлантты. Биринчи таймда оюн Түштүк Кореянын көзөмөлүндө болгону менен Кыргызстандын курама командалары кооптуу чабуулдарды да жасап жатты.

Азия кубогунун биринчи турунда Кыргызстандын курамасы Кытай менен оюн өткөрүп, 1:2 эсебинде жеңилип калган.

Эми кыргызстандык футболчулар 16-январда Филиппин менен беттешет.

Эки оюндун жыйынтыгы боюнча, Кытай менен Түштүк Корея алтыдан упай, ал эми Кыргызстан менен Филиппинде азырынча упай жок.

Пикир

Оставить комментарий