• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Апта: Азия Кубогундагы үмүттөр, түкүрбөөгө чакыруу, ача пикир жараткан айыптар

Коом 0

Бир жума эс алуудан кийин башталган бул апта көз ачып жумгуча өтүп кетти. Бул аптада элдин назарын бурган жаңылыктар көп болгону менен спорт, Кыргызстан Азия Кубогунда өткөргөн оюндары, жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекстердеги эрежелер тууралуу жаңылыктарга көп көңүл бурулду.

Азия Кубогу

Кыргызстан Азия Кубогуна биринчи жолу чыгып жаткандыктан бир эле футболго кызыккандар эле эмес, футболго жакын болбогондор да күткөн Азия чемпионатында Кыргызстан оюнга чыкты. 7-январда турнирдин биринчи турунда Кыргызстандын курамасы Кытай менен оюн өткөрүп, 1:2 эсебинде жеңилип калган.

"Ак шумкарлар" оюндун биринчи бөлүгүндө мыкты оюн көрсөтүп, 42-мүнөттө Кыргызстан алдыга чыккан. Бул турнирдеги алгачкы голун Ахлидин Исраилов киргизген.

Экинчи тайм башталып 5 мүнөт өтүп-өтпөй Кыргызстандын дарбазасы тарабындагы бурчтан чыгарып берүүдөн кийин дарбазачы Павел Матяш топту сыртка чыгарам деп өз дарбазасына гол киргизип алды. Ошону менен эсеп теңелди.

Кийинки гол 78-мүнөттө кыргыз футболчуларынын одоно катасынан кийин киргизилип, Кытайдын курамасы алдыга чыккан. Оюндун калган мүнөттөрүндө биздин футболчулар эсепти теңей албай биринчи беттеште жеңилүүгө аргасыз болду. Ал эми чабуулчу Виталий Люкс бир нече жакшы мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай калган.

Оюндан кийин ката кетирген дарбазачы Павел Матяшка карата көп нааразы пикирлер болуп, аны кийинки оюнга чыгарбаш керектиги да айтылды.

Бирок, Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин оюндан кийинки билдирүүсүндө кыйын футболчулар да каталык кетирерин, жеңилүүнүн себебин бир адамдан издебеш керектигин белгиледи. Ал каршылаштарга караганда өзүбүз көп каталык кетиргенибизди да кошумчалады.

Азыр Азия Кубогунда 24 курама команда катышууда. Кыргызстан C тайпасына түшүп, ал тайпада Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин командалары бар.

Ак үйдүн алдында түкүрүп...

Белгилүү болгондой быйыл 1-январдан тарта бир нече кодекстер күчүнө кирип, аларга ылайык эреже бузгандарга да колдонулган чаралар өзгөргөн. Алардын ичинен элдин нааразычылыгын жаратканы "жерге түкүргөндөргө 5 миң 500 сом айып пул" деген өңдүү жазалар болду окшойт.

Бул нормага жарандарыбыздын бири каршылык кылып тасма түшүргөн. Анда ал Ак үйдүн алдына келип нааразы пикирин айтып, Ак үйдүн тосмосуна түкүргөн. Андан кийин ал капчыгынан 5 миң 500 сом алып чыгып, айып пулду тийиштүү органдар алып кетсе болорун айткан.

Ал тарткан тасма социалдык тармактарда жайылып, элдин пикирин экиге бөлдү - бири ал баланы колдосо, башкасы аны туура эмес кылганын жазып жатышты.

Кийин билингендей каршылыгын билдирген бала Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 26 жаштагы тургуну З.Р. экени маалым болгон. Кийин ал бул кылганы туура эмес экенин, эч кимди түкүрүнүүгө үндөбөстүгүн, ошондой эле элден кечирип сурарын айткан. Болгону ал нааразычылыгын билдиргиси келген.

Бул маселе боюнча социалдык тармактарда кенен-кесири тамашалар айтылып, ар ким оюн ар түрдүүчө билдирип жатты. Дээрлик баары түкүрүнүү туура эмес экенин белгилеп, көбү айып пулдун өлчөмүнө каршы болушкан. Жерге түкүргөндөргө 5 миң 500 сом айып пул салуу маселеси эл оозунан түшпөй, бийлик тарапка сындар айтылгандыктан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айып пулду кайра карап чыгуу керектигин айтып чыкты.

“Түкүрүккө 5 миң 500 сом деген айып салууну менин оюмча биз кайра карап чыгышыбыз керек. Таштандыларды таштоо - бул бир, ал эми түкүрүү - бул албетте терс көрүнүш, бирок айып пул салуу жагын кайра карап чыгышыбыз керек”, - деп билдирген Абылгазиев.

Бирок Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова түкүрүк үчүн азырынча айып пул салынбай турганын журналисттерге билдирген. Анын айтымында, азырынча Бишкек мэриясында бул маселелерди карап, чара көрө турган комиссия түзүлө элек. Комиссия качан түзүлөрү азырынча белгисиз.

Ача пикир жараткан айып

Жаңы жылдан тартып коомдук жайларда түкүргөндөргө коюлган айып пул гана эмес, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү дагы көбөйдү.

1-январдан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айы пул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айып төлөйт.

5500 сом өлчөмүндөгү айып куткаруучу кызматтардын автоунааларына жолду бошотуп бербей койгон айдоочуларга салынат. Ушундай эле сумма айдоочунун күбөлүгү жок рулга отургандарга мастыгын аныктоо жөнүндө талапка баш ийбей койгондорго тиешелүү.

Дагы бир маанилүү өзгөрүү, эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды.

Бул нормалар дагы коомчулукта талкууга түшүп, бир бөлүгү мындай чаралар керек деп колдоого алса, экинчи бөлүгү каршы пикирин билдирген.

Көк бөрүдө тай казандар калды

Баары билгендей көк бөрү оюндагы улакчыны эле эмес көрүп отурган адамдарды бүйүрүн кызыткан, ары суктанткан оюн. Ошол эле учурда ал кооптуу да болгондуктан Казакстандын "Көк бөрү" федерациясы тарабынан тай казандарды алып салуу пикирлери айтылып келген.

Алар тай казандын ордуна жерге желим алкак коюп ойноону сунушташкан. Өздөрүнүн көкпар оюнун да ал эрежелер менен ойношуп жүрүшөт. Ошондон улам көк бөрүдө тай казанды же желим алкакты колдонуу боюнча талаш болуп келген.

Тай казанга каршы болгондор ал оюнчу менен анын аргымагы үчүн кооптуу десе, тай казанды колдогондор ал жок болсо оюн кунарсыз болуп каларын айтып келишкен. Ошондуктан бул маселе быйыл Ташкентте өткөн Эл аралык "Көк бөрү" федерациясынын конгрессинде каралган.

Ташкентте бул маселе боюнча кеңешме өтүп, ага Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттери катышкан. Жолугушуунун алкагында Ташкенттеги көк бөрү биринчилигин расмий эрежелер боюнча, башкача айтканда тай казан колдонуу менен өткөрүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле "Көк бөрү" боюнча эл аралык федерациянын башкы катчысы Жыргалбек Саматов көк бөрүдө тай казандар каларын билдирди.

Ошентип спорт күйөрмандары сүйгөн көк бөрү оюну тай казан менен ойнолмокчу.

Белгилей кетсек, көк бөрү оюнунун эрежелери 2001-жылы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан тарабынан иштелип чыгып, бекитилген.

Региондорду өнүктүрүү уланат

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялап, ага тийиштүү жарлыкка кол койду.

Президент 2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» болгонун эске салып, негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эскертти.

Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет.

2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизилет.

Ал белгилегендей, кийинки жылдары өлкөнүн бардык региондорунда, бүткүл өлкөнүн масштабында жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпине жаңы дем берүү керек.

«Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат. Бул коррупциялык элементтерди жок кылат», — деди президент.

Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет — билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет. «Коопсуз шаар» жана «Коопсуз жол кыймылы» долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Жеңилдик, бирок үмүт үзүлө элек

Жума күнү Кыргызстандын футбол курамасы Азия Кубогунун алкагында экинчи оюнун өткөрүп, тилекке каршы Кореяга 0:1 эсебинде утулуп калды. Ошенте да биздин команданын тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Себеби эрежеге ылайык ар бир тайпадан көп упай топтогон эки командадан тышкары 3-орунду ээлеген 6 команданын ичинен мыкты 4 команда кийинки баскычка чыга алат.

Оюн тууралуу кеп кылсак, биздин команда жеңүүчүнүн оюнун көрсөтпөсө да Кореянын дарбазасына гол киргизүүгө бир нече ирет мүмкүндүгү болду. Айрым учурда Кореянын футболчуларын шашкалактатып, тайсалдатып да койду. Бирок көп учурда оюн кореялык футболчулардын ээлигинде болду. Алар оңой эле чабуулга чыгып, биздин дарбазага сокку узатып жатты. Ал турсун гол киргизе турган учурларды текке кетирип да жатышты. Багыбыз бар экен ири эсеп менен утулуудан Кудай сактады.

"КТРК Спорт" телеканалынын баяндамачыларынын бири айткандай бул оюнда Кыргызстандын дарбазасында эки дарбазачы турду - бири Кутман Кадырбеков, экинчиси дарбаза өзү болду. Себеби кореялыктардын тепкен топтору үч-төрт ирет дарбазанын мамысына тийип, голдон аман калып жаттык. Ошол эле учурда дарбазада турган Кадырбековдун жакшы оюн өткөргөнүн айтып коюу керек.

Учурда Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы да бар. Ал үчүн ак шумкарлар 16-январда боло турган Филиппинге каршы беттешинде жеңишке жетиши керек. Аны менен катар Кыргызстандын кийинки баскычка чыгышы башка тайпадагы командалардын оюнуна көз каранды.

Кыргызстандын жеңишине ишенип туралы. Алга Кыргызстан.

Пикир

Оставить комментарий