• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын премьер-министри: Евробиримдиктен келген түз чет элдик инвестициялар 15% өстү

Коом 0

Бишкек, 05.11.21./Кабар/. Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Бишкекте өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумунда сүйлөп жатып, жыл башынан бери эл аралык экономикада сакталып турган тобокелчиликтерге карабастан республиканын ички дүң продукциясы 3,4% өскөнүн белгиледи.

“Мындай динамиканын аркасында экономика COVID-19 пандемиясына чейинки өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетти”, - деди ал.

Муну менен катар Мамин инвесторлордун жалпы күтүүлөрү жакшырганын, муну капитал рыногунун динамизми тастыктап жатканын белгиледи.

“Биринчи жарым жылдыкта Казакстандагы чет элдик инвестициянын түз агымы 30%дан ашты. Өз кезегинде Европа Биримдиктен келген түз чет элдик инвестициялар 15%га жогорулаган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий