• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Эртең, 15-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаашы мүмкүн.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15 градус болушу күтүлүүдө.

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 2...7,Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7 градус болот.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5, Нарын облусунда түнкүсүн -21...-26, күндүз -10...-15 градуска чейин суук болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий