• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-сентябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 15-сентябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +23...+28, Талас облусунда +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +22...+27 градус болору күтүлөт.

Ал эми абанын темпуратурасы Бишкек шаарында +26...+28 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий