• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

18 жаштагы аскерлерге түрмөнүн аймагында жүрүү психологиялык жактан оор – ЖАМК башчысы

Коом 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) кызмат өтөө психологиялык жактан абдан оор жана 18 жаштагы аскерлер чыдай алышпайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ЖАМКтын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 6-июнда №19 колонияда аскер өзүн-өзү атып алган. “Биз анын жаназасына катыштык, маркумдун жакындарынын бизге доо арызы жок”, - деп билдирди Жапаров.

ЖАМКтын башчысы маалымдагандай, каргашалуу окуядан эки күн мурун аскер апасы менен сүйлөшкөн. Учурда үй-бүлөдө кандайдыр бир көйгөйлөр болгонбу же жокбу иликтенип такталууда.

“Жүргүзүлгөн ички иликтөө көрсөткөндөй, кесиптештери тарабынан эч кандай кысым көрсөтүүлөр болгон эмес. Учурда иликтөөнү Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат”, - деп билдирди ал.

“Жаңы келгендер менен биздин психологдор иштешет, алардын арасында психологиялык жактан жабыркагандан аныкталат. Аларды алмаштырабыз, 2018-жылга гана ушундай 12 аскер аныкталды. Алар болгону 18 жашта жана түрмөнүн тегергинде жүрүү психологиялык жактан оор”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий