• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

19-апрель. Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бүгүн 3 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 133кө жетти.

— Коронавирус инфекциясынын жуктурган жаңы 48 учуру катталды.
— Жалпы жуктурган - 554.
— Медицина кызматкерлери - 134 (бүгүн +18).
— Ооруканада - 416, анын ичинен реанимация - 9.
— Өлгөндөр - 5.



— COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7877.

— Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс киргизилди http://med.tunduk.kg/.

— Ысык-Көл облусуна жарандардын кирүүсүн бир гана "Ак-Кеме" экологиялык посту аркылуу жүргүзүүлөт. Ал эми "Кызыл-Омпол" аймагындагы пост аркылуу чыгууга гана болот.

— КР 32 жараны Индонезиядан (Бали), Тайланддан (Бангкок) жана Вьетнамдан (Ханой) кайтып келишти.

— Республикага Польшадан медициналык кызматкерлер келди.

— Кара-Суу районунунда көчөт боюнча суроолор үчүн төмөнкү телефон номерлери иштеп жатат.

  • 0999-08-92-97
  • 0775-02-12-88
  • 0557-04-14-89

— Өткөн суткада коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузгандардын саны 91 адам болду (Бишкек ш. – 57, Ош ш., Кара-Суу, Ноокат р. – 12, Жалал-Абад ш., Сузак р. – 16, Нарын ш., Ат-Башы р. – 6).

Пикир

Оставить комментарий