• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2017-жылы Бишкектин милиция кызматкерлери 584 кылмыштын бетин ачышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 19-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 2017-жылдын башынан бери аймактык милиция кызматкерлери административдик бузуулар боюнча 29 миң 664 материалды карап чыгышкан. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек ШИИБ Коомдук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Талант Иманкадыров билдирди.

Анын айтымында, незинен материалдар майда бейбаштык, коомдук жайларда ичимдик ичүү, жөө жүргүнчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузуу, чылым чегүү беренелери боюнча түзүлгөн.

“Иштерди кароонун жыйынтыгында бузуучуларга 541 миң 170 сом айып салынып, 444 миң 550 сом төлөнүп алынган”, - деп белгиледи ал.

Мындан тышкары, Т.Иманкадыров үстүбүздөгү жылдын башынан бери Бишкектин милиция кызматкерлери 584 кылмыштын бетин ачышкандыгын кошумчалады.

Ошондой эле, ал участоктук милиция кызматкерлеринин ишинин нтаыйжасында паспорттук режимди текшерүү боюнча жакшы көрсөткүчтөр бар экендигин белгиледи.

“Паспорттук режимди бузгандыгы үчүн 10 миңге жакын административдик протоколдор түзүлгөн. Алардын ичинен Кыргызстандын жарандарына карата 9 миң 75, чет элдик жарандарга 859, кызмат адамдарына 6 протокол түзүлгөн. Натыйжада, 5 млн 222 миң 360 сомго айып салынган”, - деп маалымдады Т.Иманкадыров.

Пикир

Оставить комментарий