• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылы Жалал-Абадда кургак учукка кабылгандар аз болгон

Аймак 0

Бишкек, 20.02.18 /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 2017-жылы кургак учук оорусуна кабылгандар саны 2016-жылга салыштырмалуу аз болгон. Бирок, бул оору боюнча эпидемилогиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу шаардык кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы 93 адамдан бул оору биринчи жолу табылган болсо, өткөн жылы анын саны 89 болгон. Ооругандыгы аныкталгандардын ичинен 73ү чоң кишилер, өспүрүмдөр жок. Бирок, жаш балдар арасынан 2016-жылы 8и ооруга чалдыкканы аныкталса, өткөн жылы алардын саны эки эсеге өсүп, 16ны түзгөн. Бардык 89 ооруган кишинин ичинен 64ү дем алуу органдарынын кургак учук оорусу, 20сы жугуштуу түрү менен, 50сү инфильтративдүү кургак учук менен, 28и өтүшүп кеткен түрү менен, 9у дисиминирлештирилген кургак учук менен ооруган. Дагы 25 киши өпкөдөн башка органдардын кургак учугуна чалдыккан.

Жыл ичинде ооруну аныктоо үчүн 14 миң 939 киши флюрографиялык текшерүүдөн өткөрүлгөн жана план 104,6 пайызга аткарылган. Салыштыра келсек, 2016-жылы план болгону 64,4 пайызга аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий