• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты салык төлөөчүлөр аныкталды

Экономика 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 8-февралында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу менен өткөн Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн сыйлоо аземи болду.

Аларга тийиштүү сертификаттарды жана дипломдорду тапшырып жатып Салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров мыкты салык төлөөчүлөрдүн Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткандарын белгилеп, жаңы жетишкендиктерди каалады.

Алсак, экономиканын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы, бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлүшүнө жигердүү катышкандыгы, 2018-жылдагы иштеринин натыйжалары боюнча салык мыйзамдарын ак ниети менен аткаргандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүлөрү болушту:

өндүрүш чөйрөсүндө –«Росс-Прокат-КейДжи» ЖЧК (Чүй облусу), «Арча» ЖАК (Ысык-Көл облусу), «Электр станциясы» ААК филиалы - МЭС куруу ишканасы (Жалал-Абад облусу), «Шарбон» ЖАК (Нарын облусу), «РыбМир» ЖЧК (Ысык-Көл облусу).

-курулуш чөйрөсүндө – «Жолчу» ЖЧК (Талас облусу).

-соода чөйрөсүндө – «ГазпромНефтьАзия» ЖЧК (Бишкек шаары), «Алкозай - СЭЗ» (ЭЭА Бишкек), «Дом Света» ЖЧК (Ош облусу).

“Мыкты салык төлөөчү” сыйлыгынын негизги максаты – экономиканын ар түрдүү тармактарында ийгиликтүү иштеген компанияларды жана ишканаларды сыйлоо, салык төлөөчүлөрдүн бизнести таза, ачык-айкын жана сабаттуу жүргүзүүлөрүн кеңири жайылтуу жана салык маданиятын калыптандыруу.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга олуттуу салым кошуп жатышкан жана республиканын салык мыйзамдарын бекем сакташкан ак ниет салык төлөөчүлөргө жогору урмат-сый менен мамиле жасайт.

Пикир

Оставить комментарий