• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2020-жылы чек ара режимин бузган 290го жакын адам кармалган – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. 2020-жылы чек ара режимин бузган 290го жакын адам кармалган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен, 165 адам - мамлекеттик чек араны бузган, 41 адам - мамлекеттик чек ара режимин бузган, ал эми 62 киши- чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармалган.

Чек арачылар тарабынан жалпы суммасы 55,5 млн сомдон ашык аткезчилик жүк кармалган.

Отчеттук мезгил аралыгында ЕАЭБдин ичинде жалпы суммасы 96,6 млн сомду түзгөн мыйзамсыз ташылган 53 факт катталган, анын ичинен, 2,3 млн сомдон ашууну күйүүчү-майлоочу каражаттар жана жалпы суммасы 94,3 млн сомдон ашуун уруксат кагаздары жок жүктөр кармалган.

2020-жылы коңшу өлкөнүн аймагына малдын өтүп кеткен 33 фактысы катталган.

2020-жылы мамлекеттик чек арадан 7 млн 780 миңден ашуун адам, 860 миңден ашуун транспорт каражаты өткөрүлгөн.

Ошондой эле чек арачылар тарабынан 1 миң 589 адамдын документтери туура эмес экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий