• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылдан тарта Венгрия кыргызстандык студенттерге 200 квота берет

Саясат 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 23-декабрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Венгриянын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Венгриянын элчиси Дороги КР тышкы иштер министри Казакбаевге Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Өз кезегинде, министр Венгриянын элчисинин Кыргызстанга келиши менен куттуктап, Кыргызстан Венгрия менен түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүккө өзгөчө маани берерин белгиледи. Министр Р.Казакбаев акыркы жылдары эки тараптуу негизде жана ТТМККнын алкагында Кыргызстандын Венгрия менен түзүлүп калган интенсивдүү кызматташтыгын канааттануу менен белгиледи жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Венгриянын КРдагы элчисине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, 2021-жылдын 10-январында боло турган президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинде турган маселелердин кеңири спектрин талкуулашты. Алардын ичинде Кыргыз Республикасына жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, кыргыз-венгер стратегиялык кеңешин түзүү, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун түзүү. Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Казакбаев соода-экономикалык кызматташтуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында мындан аркы иштин маанилүүлүгүн баса белгилеп, Венгрия менен ишкер кеңеш түзүүгө даяр экендигин ырастады. Венгриянын КРдагы элчиси Дороги өз кезегинде венгер тараптын айыл чарба жаатында кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар туризм жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Бишкек-Будапешт түз аба каттамын ачуу боюнча ишти жигердештирүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берет.

Ошондой эле кыргыз тарап Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Кыргызстандын жарандары үчүн шенген визасын берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу укуктук базаны мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Учурдагы жылы Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда 15 келишимге кол коюлуп, 1 келишим парафирленген.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Венгриянын элчиси Дороги Венгрия тараптын келерки жылдан тартып, Кыргызстандан 200 студентти Венгриянын ЖОЖдорунда окутуу үчүн квота берүү жөнүндө чечими жөнүндө маалымат берип, кыргыз студенттери венгер тилин үйрөнүшсө деген тилегин билдирди.

КР тышкы иштер министри Казакбаев өз кезегинде венгер тарапка Кыргыз Республикасынан студенттерди окутуу квотасын көбөйтүү чечими үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Венгриянын элчисин Бишкек жана Ош шаарларында кыргыз-венгер орто мектептерин ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Ошондой эле Казакбаев венгер тарапка Кыргызстанга ЕБ алкагында жана эки тараптуу негизде коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун аягында КР тышкы иштер министри Казакбаев Венгриянын элчиси Дорогинин Кыргызстандагы ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий