• 88.68
  • 95
  • 0.95

2023-жылдын аягына чейин Балыкчы–Кочкор темир жолунун 15 чакырымы бүтөт

Коом 0


Бишкек, 06.10.23./Кабар/. 2023-жылдын аягына чейин Балыкчы–Кочкор темир жолунун пландалган 15 чакырымы салынып бүтөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдор башкармалыгынын башкы адиси Нурказы Маданов “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда темир жолду куруу иши кызуу жүрүүдө.

“Темир жол толугу менен бүтүп ишке берилип калса Кара-Кечеден Бишкекке көмүр ташуу жеңилдейт. Мындан тышкары, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө болот”, – дейт адис.

2022-жылы 5 чакырым темир жол салынган. Жумуштар толугу менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын каражатынын эсебинен аткарылууда.

Эске салсак, өткөн жылы президент Садыр Жапаров Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолунун курулушуна старт берген.

Пикир

Оставить комментарий