• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

2023-жылга карата “Жаңы доорго - кырк кадам” долбоорунун негизинде 89 долбоор ишке ашат

Экономика 0

Бишкек, 27.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2023-жылга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунун биринчи баскычы болгон – “Жаңы доорго - кырк кадам” (2018-2023жж) долбоорунун негизинде 89 долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу 2040-жылга туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештен кабарлашты.

Алсак, “Таза коом” алкагында 14 долбоорду ишке ашыруу каралган. Улуттук Кеңештен кабарлашкандай, каржы булактары аныкталды. Жалпысынан 2023-жылга чейин “Таза коом” долбоору үчүн 10 млрд 927,3 млн сом керектелет.

Бардыгынан көп каржы Бишкек жана Ош шаарларындагы Акылдуу шаардын курулушуна керектелет – 5 млрд 600 млн сом, Улуттук инновациялык борбордун курулушуна (Сколковдун мисалы боюнча) – 3 млрд 500 млн сом, азиалык интернет менен алмашуу түйүнү борборунун курулушуна – 1млрд сом.

“Таза Суу” программасындагы инновациялык долбоорлордун алкагында 6 иш жүзөгө ашырылат. Бардыгы болуп 25 млрд 497,5 млн сом каралган.

Ирригация боюнча 328,6 млн АКШ долларына 19 долбоорду ишке ашыруу каралган.

Энергетика жаатында 8 долбоор ишке ашат, ага сумму 956,09 млн доллар жана 11 млн евро каралган.

Өнөр жай тармагында 8 долбоорду ишке ашыруу пландалууда, ага 577,115 млн доллар каралган.

Унаа жана байланыш боюнча 21 долбоор, 8 млрд 899,422 млн доллар акча каражаты каралган.

Келечектеги пландарга ылайык, 2023-жылга чейин альтернативдик Түндүк-Түштүк жолунун курулушун аяктоо жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо мерчемделген.

Өндүрүштүк-логистикалык долбоорлор – бешөө, жалпысынан ага 207 млн доллар керектелет.

Саламаттыкты сактоо – бешөө 157 млн долларга. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча – 3 долбоор, 70,31 млн долларга.

Пикир

Оставить комментарий