• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2022-жылдан бери "Агроөнөр жай кластерин насыялоо" долбооруна 17 млрд сом бөлүнгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. "Агроөнөр жай кластерин кредиттөө" долбоорун өнүктүрүү максатында 2022-жылдан бери жалпы 17 млрд сом бөлүнгөн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашкандай, анын ичинен:

- 12,8 млрд сом – 18 кластер үчүн;
- 4,2 млрд сом – айыл чарба техникаларын жана асыл тукум мал жандыктарды лизингге алуу үчүн каралган.

"Агроөнөр жай кластерин кредиттөө" долбооруна киргизилген негизги өзгөртүүлөр:

- буга чейин бир агрегатор бир кластерге гана мүчө боло алган жана 150 млн сомго чейин насыя ала алган болсо, эми бир эле агрегатор бир нече кластерге мүчө болуу менен 300 млн сомго чейин насыя ала алат;

- буга чейин агрегаторлор менен кластерлердин мүчөлөрүнүн ортосундагы келишим талап болгон болсо, мындан ары органикалык өндүрүш жана тоок жумурткасы кластердик субъектилер үчүн агрегаторлорго жеткирүү боюнча келишими талап кылынбайт;

- буга чейин 3 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар ишканалар гана агрегатор боло алган болсо, эми кластердик өнүктүрүү кеңешинин сунушу менен далилденген киреше булагы көрсөтүлсө, демек агрегатор боло алат;

- буга чейин долбоорду "Айыл Банк" ААК гана ишке ашырып келген болсо, 2024-жылдан тартып лизингдик операцияларды кошумча "РСК Банк" ААК ишке ашыра баштайт.

"Жогоруда аталган өзгөртүүлөр дыйкан, фермер жана кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан келип түшкөн сунуштардын негизинде кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан бөлүнүүчү жеңилдетилген каражаттарга жетүүнү жакшыртуу максатында киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Кластерлерди өнүктүрүү аркылуу агроөнөр жай комплексин диверсификациялоо жана модернизациялоо, продукциянын өндүрүмдүүлүгүн, сапатын жогорулатууга, чыгымдарды кыскартууга жана экспорттук потенциалды жогорулатууга мүмкүн болот. Ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртууга шарт түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий