• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жазаларды аткаруу кызматы кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы кадрдык резервин түзүү үчүн талапкерлерге конкурстук тандап алууну жарыялайт.

ЖАКтын басма сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерлер 2024-жылдын 30-апрелине чейинки мөөнөттө ЖАКтын Кадрлар башкармалыгына кайрылууга тийиш. Документтерди кабыл алуу жана кароо, ошондой эле талапкерлерди конкурска киргизүү боюнча иштер атайын комиссиянын чечими менен уюштурулат.

Конкурс үч этаптан турат:

Конкурстук тандоонун биринчи этабы 2024-жылдын 13-14-майында саат 09:00дө "Эмгек резерви" стадионунда өтөт, анда талапкерлер дене тарбия боюнча нормативдерди тапшырышы керек.

Дареги: Бишкек шаары, Үсөнбаев көчөсү, 200, чоң Чүй каналынын түштүк жээгинде.

Компьютердик технологияларды колдонуу менен тестирлөө түрүндө конкурстук тандоонун экинчи этабы 2024-жылдын 15-16-майында саат 09.00 дө ЖАКтын Окуу борборунда өтөт.

Дареги: Бишкек шаары, Медеров көчөсү, 94, Юстиция министрлигинин Кайтаруу жана конвой менен алып жүрүү кызматынын гарнизонунун аймагында.

Конкурстук тандоонун үчүнчү этабы 2024-жылдын 17-майында саат 10.00дө ЖАКтын борбордук аппаратынын имаратында талапкерлер менен маектешүү түрүндө өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрү менен маектешүүдө процесстин ачыктыгын камсыз кылуу үчүн видеого тартуу жүргүзүлөт.

Дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 106.

Бардык суроолор боюнча ЖАКтын Кадрлар башкармалыгына төмөнкү телефондор боюнча кайрылсаңыздар болот: 0 (312) 43-82-10, 43-84-60

Пикир

Оставить комментарий