• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Бишкекте жогорку чыӊалуудагы 48 көмөкчордонду оңдоо пландалган

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Быйыл Бишкектеги 20/110/35-10 кВ жогорку чыӊалуудагы 48 көмөкчордондордо оңдоо жана техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү пландалган. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Белгиленгендей, келерки жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында төмөнкү аба чубалгыларында оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлөт:

- 220/110/35 кВ чыңалуудагы 552,32 км аба чубалгыларын;
- 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 2230,3 км аба чыбалгыларын.

Мындан тышкары, 1863 комплект трансформатордук көмөкчордондору оңдоодон өтөт.

"Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу үчүн быйыл 2 күч автотрансформаторун жана 37 комплект 6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөкчордонду алмаштырылат", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ишкана 10 кВ чыңалуудагы 5,64 км аба чубалгыларын жана 6-0,4 кВ чыңалуудагы 64,72 км аба чубалгыларын өзүн өзү кармап туруучу зымдарды (СИП) колдонуу менен реконструкциялоону пландаштырган.

Ошондолй эле Бишкек ЭТИ боюнча оңдоо иштеринин жүрүшүндө 410,4 км электр берүү чубалгыларынын боюндагы трассадагы бак-дарактар кыркылат.

Пикир

Оставить комментарий