• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

24-октябрдан 9-январга чейин БШКга шайлоо жана референдум боюнча мыйзам бузуу жөнүндө 25 арыз келип түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына 24-октябрдан 9-январга чейин шайлоо жана референдум боюнча мыйзамды бузуу жөнүндө 25 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу басма сөз жыйынында БШКнын мүчөсү, шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Алмаз Асаналиев билдирди.

Ал белгилегендей, 1 арыз артка чакырылып алынган. 9у БШКнын жыйынында каралып, чечим кабыл алынды, 11и боюнча оозеки түрдө маалымат, 4өө боюнча чара көрүү сунуштары берилди.

“25 арыздын 12өө шайлоого чейинки үгүт иштери боюнча, каттоону бузуу боюнча – 2, добуш сатып алуу - 2, добуш берүү укугун жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу - 2”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий