• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

26-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-январда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 1…6, Талас облусунда күндүз 0…5 гардус болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 0…+5 градус жылуу, Нарын облусунда -4…-9 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусдарында күндүз 3…8 градуска чейин жылуу болот.

Бишкек шаарында бүгүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 4…6 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий