• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

28-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-28-апрелде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз, 27-апрелде жана 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. 25-апрелде кечинде жана 26-апрелде түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-апрелде 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

26-апрелде күндүз жана 27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-апрелде жана 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз, 27-апрелде жана 28-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 28-апрелде күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-25-апрелдерде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-26-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

24-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 26-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде жана 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-апрелде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-28-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий