• 88.68
  • 95
  • 0.95

28-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз жана 27-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

24-27-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

26-сентябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-25-сентябрларда жана 26-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-сентябрда күндүз, 27-сентябрда жана 28-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

24-27-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

24-26-сентябрларда жана 27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий