• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 02.12.18. /Кабар/. Эртең, 3-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5,

Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз 1...6,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -3...+2,

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...5,

Эртең Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз 2…4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий